Кафедра “жаныбарладын кадимки(нормалдуу) анатомиясы” кафедрасы катары Казахстандан атайын чакыруу өтүнүчү менен келишкен профессор Б.А.Домбровский, доцент В.В.Колесников жана ассистенттер Ф.М.Мухамедгалиев, Г.К.Конакбаевдер тарабынан 1933-жылы уюшулган. Анын алгачкы көрсөтмө каражаттары жана анатомия музейин түзүүгө арналган материалдары профессор М.Г. Ерофеевдин жетекчилиги астында 1935-1937 жылдары чогултула башталган.
Кийин, кафедраны доцент Г.И. Чепурных, профессор Б.И. Цветков, профессор В.В. Александровский 1939-жылдан 1952- жылга чейин жетектешкен. 1952- жылдан баштап кафедраны профессор Ф.Ф. Ханжин жетектеп турган жана ал 20 жыл аралыгында үзүрлүү эмгектенген.
1972-1985- жылдары кафедра “салыштырмалуу анатомия” багытынын өкүлү, доцент В.А. Лелека тарабынан жетектелген, ал эми 1985-1991 жылдары анатомия кафедрасы акушердик илим кафедрасы менен кошулуп, анатомия жана акушердик илим кафедрасы болуп түзүлсө (жетекчиси болуп профессор Э.К. Ибрагимов дайындалган) 1991- 1998 жылдары физиология менен бириктирилип, анатомия жана физиология кафедрасы деп аталган (жетекчилери – профессору Ф.И. Сулейманов (1991-1995-ж.) профессор А.З. Түлөбаев (1995-1998)), 1998 -2002 жылдары патологиялык анатомия кафедрасына кошулуп, жаныбарлардын морфологиясы жана патологиясы кафедрасы (профессорлор К.С. Арбаев (1998-2002 ж.) жана А.Ш. Иргашев (2002-2003 ж. жетектешкен). 2003-жылдан бери кайрадан физиология менен бириктирилип, анатомия жана физиология кафедрасы катары ишин улантып келе жатат.
2003-2008-ж. кафедраны профессор, ветеринария илимдеринин доктору А.З. Түлөбаев жетектеген. 2008-жылдан бери кафедраны профессордун милдетин аткаруучу, ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Ы.Т. Бегалиев жетектеп келет.
Ал эми айыл-чарба жаныбарларынын физиологиясынын өз алдынча кафедра ирээтинде уюшулуусунун башатында профессор А.А. Морозов турган. Ал 1936-жылдан баштап 1980-жылга дейре эмгектен 1983-1991 жылдары физиология микробиология менен бириктирилип, микробиология жана физиология кафедрасы болуп түзүлгөн жана аны доцент М.И. Генис жетектеген.
1972-1985 жылдары үй жаныбарларынын анатомиясы сабагын окутуу иштеринде доценттер В.А. Лелеканын, В.В. Скрынниковдун, М.А. Жантемировдун, ассистент А.А. Лопуховдун кошкон салымдары зор. 1982-2011 жылдары ветеринария илимдеринин докторлору, профессорлор А.З. Түлөбаев, М.Б. Айтматов, Р.С.Салыков, Т.С. Кубатбеков ветеринария илимдеринин кандидаттары, доценттер С.Ш. Турсуналиев, Т.А. Абдраманов, С.Ж. Тулегенов, Э.О. Оганов, ага окутуучулар, ассистенттер А.А.Жумагулов, Б.М. Жантемирова, Ж. Уралиев ж.б. кафедрада каралган сабактарды окутушкан.
Айыл-чарба малдарынын физиологиясы кафедрасы 1936-жылы профессор А.А.Морозов тарабынан уюштурулган. Ал аны 1980-жылга чейин жетектеген.1985- жылдан бери физиология сабагы боюнча доценттер А.Ф.Докукин, А.А.Абдрахманов, У.З.Мурзакулов, К.Б.Мырзалиев, ассистенттер В.П.Телегин, Э.К.Асанкулова, С.Н.Запорожецтер окутуп келишкен, кийин болсо профессорлор А.Ш.Иргашев, Е.Е.Дьяконов,доцент Н.С.Алдаяров жана ага окутуучу А.К.Мадумаров, Имашова А.Б., Бектемирова Д.О., асисстентер Галимова А.Ф., Бурганакова А.Дж. эмгектенишкен.
Акыркы жылдары кафедрада 2 докторлук жана 4 кандидаттык даражалардагы илимий диссертациялар корголгон, ал эми анын жалпы жамааты тарабынан 210 дон ашуун илимий эмгектер, алардын ичинде ,6 монография , 2 окуу китеби, 2 басылма, 64 усулдук көрсөтмө жана 15 ойлоп табуулар жаатындагы иштер жарык көргөн.
Окуу процессинин жабдылуу ишин лаборанттар А.А.Ворогушина, Г.Д.Мокина, Л.В.Овчиникова, Э.И.Исраилов, Ж.Т.Койбагарова, Г.А.Жуманалиева, С.Сулайманова, Ш.Дыйканова, Г.Сыдыгалиева, М.А.Кичинебатырова, А. Рысалива, М.Погорелов Г.Ф.Эшимкулова, Ч.А.Базаралиева, Г.Ж.Эгембердиева, К.Б.Миссирова, Салбаев Б.Э. ж.б. камсыздап келишкен.
Кафедранын учурдагы жамаатынын курамы : ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент, профессордун м.а. Ы.Т.Бегалиев, ветеринария илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Анарбек у С., биология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Мадумаров А.К. жана ага окутуучулар А.О.Турдубаева, Б.Т.Надырбеков,ассистенттер Токтоналиев Ы.Б., Мамбетова Ж.Б., лаборант Баялиева Ч.А.
Анатомия жана физиология кафедрасы жаныбарлардын жана канаттуулардын морфометриясы, фукционалдуу морфологиясы, онтогенези жана физиологиясы багытындагы илимий-изилдөө иштерин улантып келет.
Кафедранын профессору Ф.Ф. Ханжиндин сунуштаган илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн оригиналдуу жана координаттуу-мерометрия ыкмалары жалаң гана анатомия багытында колдонулбастан, органдардын топографиясы жана хирургия илимдеринин кеңейтилүүсүнүн себеби да болуп калды, анткени окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн бир катары, мисалы, доценттер жана ветеринария илимдеринин кандидаттары В.Б. Скрынников, Х.Дж. Джаилов, Н.И. Пирогов ж.б. калыптанышкан . Бул ыкма–теңдешсиз түптүү илимий ыкмалардын бири болуп калды.
Кафедранын ветеринария илимдеринин доктору, профессор Ф.И. Сулейманов үй өрдөктөрүнүн онтогенези жана өстүрүү биостимуляторунун аларга тийгизген таасири, алардын морфофункционалдык, биохимиялык жана түр аралык салыштырмалуу мүнөздөмөсү багытында илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында докторлук диссертациясын коргогон.
Ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.З. Түлөбаев кыргыз тукумуна кирген тооктордун постнаталдуу онтогенезинин морфофункционалдуу мүнөздөмөлөрүнүн ар тараптуу изилденүүсүнө жетише алды. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Ы.К. Бегалиевдин, М.А. Кичинебатырованын, Т.К. Ырысалиевдин, А.К. Мадумаровдун ж.б. изилдөөлөрүндө аңдалып, илимий диссертация түрүндө корголгон. А.З. Түлөбаев 130тан ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектерди жарыкка чыгарган, алардын катарында 1 монография, 2 окуу китеби, 2 басылма, 10 усулдук көрсөтмө жана сунуштама жана 2 ойлоп табуулар жаатындагы иштери бар.
Азыркы учурда кафедранын изденүүчүсү А.О.Турдубаева профессор А.З. Түлөбаевдин жетекчилиги менен “Ысык-Көлдүн туздуу суусунун койлордун гематологиялык көрсөткүчүнө тийгизген таасири” боюнча илимий изилдөө иштерин алып барууда.
Ветеринария илимдеринин доктору, профессор К.С.Арбаевдин жетекчилиги астында кафедранын аспиранты Анарбек у С. “Кыргыз тайганынын башынын мээ бөлүгүнүн жана үстүнкү жаак аймагынын топографиялык анатомиясы” аттуу илимий диссертациясын 2021-жылы коргогон. Кафедранын аспиранты Надырбеков Б.Т. “Тянь-Шань жарым уяң жүндүү тукумундагы койлордун жаш динамикасындагы 5 лимфоиддик органдардын жана ткандардын морфофункционалдык абалы” аттуу илимий диссертацияларынын үстүндө иш алып барууда.
Ветеринария илимдеринин доктору, профессор Р.С. Салыков паразиттерге каршы “Полимедол” дарысынын фармакологиялык жана токсикологиялык мүнөздөмөсү боюнча илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгынын натыйжасында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Кафедранын изденүүчүсү Т.Т.Эшимбеков Р.С.Салыковдун жетекчилиги астында паразиттерге каршы “Аливектин фармако-токсикологиялык мүнөздөмөсү” аттуу диссертациясын ийгиликтүү жактаган (2018-ж.).
Бүгүнкү күндө кафедранын кызматкерлери тарабынан илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 3 кандидаттык диссертация коргоо алдында, ал эми 1 доктордук диссертация жумуш үстүндө турат.
Азыркы учурда кафедрада төмөнкү сабактар өтүлөт. “Үй жаныбарларынын анатомиясы”, “Жаныбарлардын физиологиясы жана этологиясы”, “Клиникалык физиология жана клиникалык анатомия”, “Латын тили жана биология”, “Ветеринардык санитариянын негиздери жана гигиена”, “Ветеринардык кардиология жана гематология”, “Ветеринардык ортопедия жана офтольмология”. Жогоруда айтылган сабактарга жооптуу мугалимдер: доценттер Бегалиев Ы.Т., Мадумаров А.К., Анарбек у С., ага окутуучулар Турдубаева А.О., Надырбеков Б.Т., ассистенттер Токтоналиев Ы.Б., Мамбетова Ж.Б.
Кафедра Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринардык академиясы, К.А.Темирязев атындагы ветеринардык академиясы, “Великие луки” университети, Казак улуттук агрардык университети, “Манас” Кыргыз Түрк Университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ветеринардык медицина, мал чарбачылык жана биотехнология боюнча Самарканд мамлекеттик университети, М.Г.Сафронов атындагы Якутия айыл-чарба илим-изилдөө институтунун гельминтология лабораториясы менен тажрыйба алмашууда жана окуу процесстерин алып барууда тыгыз байланыш жүргүзөт.
Бегалиев Ырысбек Токтосунович
Өздүк маалымат:
Билими:
Илимий даражасы/наамы:
Эмгек жолу:
Илимий эмгектери:
Сыйлыктары:
Долбоорлор менен иштѳѳсү:
Стажировка жана чет элдик семинар, конференцияларга катышуусу:
Дополнительные сведение:
Коомдук иштерге катышуусу:
МАДУМАРОВ АКРАМ КАМБАРАЛИЕВИЧ
КВАЛИФИКАЦИЯСЫ:
ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ жана НААМЫ:
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
САБАК БЕРҮҮЧҮ ДИСЦИПЛИНАЛАР:
ИЛИМИЙ ИШТЕРДИН ЖАРЫЯЛАНЫШЫ:
КЛАССТЫК ЧИНИ: Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси
ТИЛ БИЛҮҮ: кыргыз тили – мыкты;
орус тили – эркин;
англисче – негизги денгээл.
Көндүмдөр: ишти уюштура билүү, пландоо, чечим кабыл алуу; ар түрдүү маалымат менен иштөө жана аны тез өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү.
Хоббилери: китеп окуу, волейбол, шахмат, стол үстүндѳгу теннисти ойногонду жактырат.
Байланыш
Турдубаева Айнура Орозобековна
Туулган күнү: 25-ноябрь 1978-жыл
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тамчы айылы
Улуту: кыргыз
Кызматы жана иштеген жери:
Кыргыз улуттук агрардык университети К. И. Скрябин атындагы (КНАУ)
Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин (ФВМиБ) ага окутуучусу
Окуткан предметтери:
Латын тили, жаныбарлардын физиологиясы
Билими:
Жогорку. 2000-жылы Кыргыз айыл чарба академиясынын ветеринардык факультетин аяктаган
Тил билүү деңгээли:
Кыргызча, орусча – эркин, англисче – сөздүк менен
Сыйлыктары:
К. И. Скрябин атындагы КНАУнун Ардак грамотасы (2017-ж.)
Жалпы эмгек стажы: 20 жыл, анын ичинен 17 жылы – КНАУда
Коомдук ишмердүүлүгү:
Эмгек жолу:
Жарыяланган илимий-методикалык эмгектеринин саны: 13төн ашык
Квалификацияны жогорулатуу жана стажировкалар:
Анарбек уулу Советбектин
Туулган күнү: 5 май 1989 жыл.
Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Нарын областынын Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылы.
Улуту: кыргыз.
Үй бүлѳѳлүк абалы: үйлѳнгѳн.
Балдары: кыз жана уул.
Иштеген жери жана кызмат орду: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина факультетинин анатомия жана физиология кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу.
Окумуштуулук даражасы жана наамы: 06.02.01- ылаңдарды аныктоо жана жаныбарларды дарылоо, жаныбарлардын патологиясы, онкологиясы жана морфологиясы адистиги боюнча ветеринария илимдеринин кандидаты.
Билими: Жогору. 2007-2012жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган .
Квалификациясы:
Ветеринардык врач.
Жалпы эмгек жолу:13 жыл:
Коомдук иштерге катышуусу:
Долбоорлор менен иштѳѳсү:
Сыйлыктары:
Стажировка:
Конференцияларга катышуусу:
Илимий эмгектери: жалпы 21 илимий эмгек, анын ичинен 16 илимий макала, 5 методикалык кѳрсѳтмѳ жарык кѳргѳн.
Тилди ѳздѳштүрүүсү: кыргыз тили – эң жакшы;
орус тили – жакшы
англис тили – орто
Компьютерде иштѳѳ: колдонуучулук деңгээлде.
Хоббиси: футбол жана волейбол ойноо.
Надырбеков Бактияр Темираалиевич
Квалификация:
Иш тажырыйбасы:
Илимий иштери:
Жалпы иштери:
Долбоордо иштөөсү:
Сыйлыктары:
Билимин жогорулатуу:
“Жайкы мектеп” Клиникалык ветеринария (Казакстан 2023)
Тилди билүүсү: кыргыз – эң жакшы;
русский – жакшы
английский – сөздүк;
Хоббиси: футбол, волейбол, шахмат жана тогуз коргоол ойноо.
Токтоналиев Ызат Бактыбекович
БИЛИМИ:
КВАЛИФИКАЦИЯСЫ:
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
2023 баштап К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук аграриялык университетинин, ветеринардык медицина факультетинин, анатомия жана физиология кафедрасынын асисстенти
ТИЛ БИЛҮҮ: кыргыз тили – эң жакшы;
орус тили – эркин;
англис тили – оозеки тилде.
Чеберчилиги: ишти уюштуруу, пландоо, ар кандай маалыматтар менен иштөө жана аны тез өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү.
Хоббиси: 3d моделирование, шахмат.
Байланыш дареги: Телефону: сот. (+996)709630589 (ватсап, телеграмм).
e-mail: jaz.mir@bk.ru
Мамбетова Жыпара Болгонбековна
БИЛИМИ:
КВАЛИФИКАЦИЯСЫ:
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
САБАК БЕРҮҮЧҮ ДИСЦИПЛИНАЛАР:
ТАКШАЛМА (СТАЖ ѲТҮҮ):
ТИЛ БИЛҮҮ: кыргыз тили – эң жакшы;
орус тили – эркин;
англис тили – орточо;
Чеберчилиги: ишти уюштура билүү, пландоо, чечим кабыл алуу; ар түрдүү маалымат менен иштөө жана аны тез өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү.