Факультет экономики и менеджмента

Анатомия жана физиология кафедрасы

Анатомия жана физиология кафедрасынын уюшулуу,өнүгүү тарыхы.

Кафедра “жаныбарладын кадимки(нормалдуу) анатомиясы” кафедрасы катары Казахстандан атайын чакыруу өтүнүчү менен келишкен профессор Б.А. Домбровский, доцент В.В. Колесников жана ассистенттер Ф.М. Мухамедгалиев, Г.К. Конакбаевдер тарабынан 1933-жылы уюшулган. Анын алгачкы көрсөтмө каражаттары жана анатомия музейин түзүүгө арналган материалдары профессор М.Г. Ерофеевдин жетекчилиги астында 1935-1937 жылдары чогултула башталган.

Айыл чарба жаныбарларынын физиологиясы кафедрасын профессор А.А. Морозов (1936-1980) уюштурган.

Кийин, кафедраны доцент Г.И. Чепурных, профессор Б.И. Цветков, профессор  В.В. Александровский 1939-жылдан 1952- жылга чейин жетектешкен. 1952- жылдан баштап кафедраны профессор Ф.Ф. Ханжин  жетектеп турган жана ал 20 жыл аралыгында үзүрлүү эмгектенген. 1972-1985- жылдары кафедра “салыштырмалуу анатомия” багытынын өкүлү, доцент В.А. Лелека тарабынан жетектелген.

Ал эми 1985-1991 жылдары анатомия кафедрасы акушердик илим кафедрасы менен кошулуп, анатомия жана акушердик илим кафедрасы болуп түзүлсө (жетекчиси болуп профессор Э.К. Ибрагимов дайындалган) 1991- 1998 жылдары физиология менен бириктирилип, анатомия жана физиология кафедрасы деп аталган (жетекчилери – профессору Ф.И. Сулейманов (1991-1995-ж.) профессор А.З. Түлөбаев (1995-1998), 1998 -2002 жылдары патологиялык анатомия кафедрасына кошулуп, жаныбарлардын морфологиясы жана патологиясы кафедрасы (профессорлор К.С. Арбаев (1998-2002 ж.) жана А.Ш. Иргашев (2002-2003 ж. жетектешкен). 2003-жылдан бери кайрадан физиология менен бириктирилип, анатомия жана физиология кафедрасы катары ишин улантып келе жатат.

2003-2008-жылдары кафедраны профессору, ветеринария илимдеринин доктору А.З. Түлөбаев жетектеген. Ал жаныбарлар менен канаттуулардын морфометриясы, функционалдык морфологиясы, онтогенези жана физиологиясы жаатында илимий багытты сунуш кылган. Анын илимий жетекчилиги астында тооктун кыргыз породасынын  постнаталдык онтогенезинен кийинки морфофункционалдык мүнөздөмөлөрү изилденип, иштелип чыккан. Изилдөөнүн натыйжалары Ы. Т. Бегалиевдин, М.А.Кичинебатырованын, Т.К. Ырсалиеванын, А.К. Мадумаровдун кандидаттык диссертацияларда жалпыланган. А.З. Түлөбаевдин 130дан ашык илимий жана окуу эмгектери жарык көргөн. Анын ичинде 1 монография, 2 окуу куралы, 2 брошюра, 10 методикалык көрсөтмөлөр жана сунуштар жана 2 ойлоп табуу патенти менен.

2008-жылдан бери кафедраны ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Ы. Т. Бегалиев жетектеп келет. Андан тышкары илимий-изилдөө иштери менен катар анатомиялык музейдин бир катар иштерин уюштуруп жаңы даярдыктар менен жүргүзүп келет.

            Узак жылдар бою кафедранын окуу дисциплиналарын: ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент У.З. Мурзакулов, биология илимдеринин кандидаттары, доценттер: Докукин А.Ф., Абдрахманов А.А., Мырзалиев К.Б., ассистент В.П. Телегин, ага окутуучу Запорожец С Н., ветеринария илимдеринин доктору, профессор Иргашев А.Ш., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Дьяконов Э.Е., ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Алдаяров Н.С., биология илимдеринин кандидаты, ага окутуучу Мадумаров А.К. окуткан.

Ветеринардык жана зоотехникалык адистерди даярдоодо, окуу процессин камсыз кылууда кафедранын ага лаборанттары Ворогушина А.А., Мокина Г.Д., Овчинникова Л.В., Исраилов Э.И., Койбагаров Ж., Жуманалиева Г.А., Сулайманова С., Дыйканова Ш., Сыдыгалиева Г., Кичинебатырова М.А., Базаралиева Ч.А., Эгембердиева Г.Ж., Салбаев Б.Э. ж.б.

Учурда «Үй жаныбарларынын анатомиясы», «Жаныбарлардын физиологиясы», «Жаныбарлардын этологиясы», «Клиникалык физиология», «Клиникалык анатомия» жана «Латын тилин», «Ветеринардык санитариянын негиздери» дисциплиналары ветеринария илимдеринин кандидаты профессор Бегалиев Ы.Т., ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Усубалиев А.К., биология илимдеринин кандидаты, м.а. доцент Мадумаров А.К., ветеринария илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Эшимбеков Т.Т., ветеринария илимдеринин кандидаты, ага окутуучу Анарбек у Советбек, ага окутуучулар Турдубаева А.О., Надырбеков Б.Т., Асымбеков У.К., ассистенттер Кыдырбаев Б.Т. Родинова Г.К., ага лаборант Миссирова К.Б.

Квалификацияны жогорулатуу учурунда ага окутуучу. Турдубаева А.О., Эшимбекова Т.Т. К.И. Скрябин атындагы ММВМжанаБА нын ректору илимдин доктору, проф. Ф.И.Васильевич менен.

 

Ага окутуучулар Анарбек у С., Турдубаева А.О., Эшимбеков Т.Т. (2016-2017-жж.) ММВМжанаБА Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо институтунда билим алышкан.

Бүгүнкү күнгө чейин кандидаттык диссертацияларды төмөндөгүлөр жакташкан:

Ветеринария илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Эшимбеков Т.Т. “Аливектин формако-токсикологиялык мүнөздөмөсү” деген темада кандидаттык ишин жактаган (2018-ж.).

Ветеринария илимдеринин кандидаты, ага окутуучу Анарбек у С. «Кыргыз тайганынын башынын мээ бөлүгүнүн жана үстүңкү жаак аймагынын  топографиялык анатомиясы» деген темада кандидаттык ишин жактаган (2021-ж.).

Анатомия жана физиология кафедрасынын кызматкерлери тарабынан кандидаттын ишинин тематикасы бекитилди:

Изденүүчү Надырбеков Б.Т. “Тянь-Шань породасындагы уяң жүндүү койлордун жаш-курактык лимфоиддик органдардын жана тканьдардын морфофункциональдык абалы деген темада бекитти.

Аспирант Асымбеков У.К. “Тянь-Шань породасындагы уяң жүндүү койлордун эттин жетилүү процессиндеги таргыл булчуңунун микроструктуралык өзгөрүүлүсү” деген темада бекитти.

Аспирант Кыдырбаев Б.Т. “Тянь-Шань породасындагы ар кандай жетилген уяң жүндүү койлордун таргыл булчуңунун микро-морфометрикалык өзгөрүүсү” деген темада бекитти.

НАПРАВЛЕНИЯ И СПЕЦИАЛЬНОСТИ ПОДГОТОВКИ

Анатомия жана физиология кафедрасы жаныбарлардын жана канаттуулардын морфометриясы, фукционалдуу морфологиясы, онтогенези жана физиологиясы багытындагы илимий-изилдоо иштерин улантып келет.

             Кафедранын профессору Ф.Ф. Ханжиндин сунуштаган илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн оригиналдуу жана координаттуу-мерометрия ыкмалары жалаң гана анатомия багытында колдонулбастан, органдардын топографиясы жана хирургия илимдеринин кеңейтилүүсүнүн себеби да болуп калды, анткени окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн бир катары, мисалы, доценттер жана ветеринария  илимдеринин кандидаттары В.Б. Скрынников, Х.Дж. Джаилов, Н.И. Пирогов  ж.б. калыптанышкан . Бул ыкма–теңдешсиз түптүү илимий ыкмалардын бири болуп калды.

            Кафедранын ветеринария илимдеринин доктору, профессор Ф.И. Сулейманов үй өрдөктөрүнүн онтогенези жана өстүрүү биостимуляторунун аларга тийгизген таасири, алардын морфофункционалдык, биохимиялык жана түр аралык салыштырмалуу мүнөздөмөсү багытында илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында докторлук диссертациясын коргогон.

 

       Ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.З. Түлөбаев кыргыз тукумуна кирген тооктордун постнаталдуу онтогенезинин морфофункционалдуу мүнөздөмөлөрүнүн ар тараптуу изилденүүсүнө жетише алды. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Ы.К. Бегалиевдин, М.А. Кичинебатырованын, Т.К. Ырысалиевдин, А.К. Мадумаровдун ж.б. изилдөөлөрүндө аңдалып, илимий диссертация түрүндө корголгон. А.З. Түлөбаев 130тан ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектерди жарыкка чыгарган, алардын катарында 1 монография, 2 окуу китеби, 2 басылма, 10 усулдук көрсөтмө жана сунуштама жана 2 ойлоп таабулар жаатындагы иштери бар.

Кафедра Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринардык академиясы, Темирязев атындагы вет. академиясы, “Великие луки” университети, Казак улуттук агрардык университети, “Манас” Кыргыз Түрк Университети менен тажрыйба алмашууда жана окуу процесстерин алып барууда тыгыз байланыш жүргүзөт. 

Кафедранын курамы

Бегалиев Ырысбек Токтосунович

доцент, профессордун милдетин аткаруучу

E-mail: begaliev_1963@mail.ru

Кеңири...

Турдубаева Айнура Орозобековна

Ага окутуучу
ainura0078@bk.ru
Кеңири...

Эшимбеков Тимур Темирболотович

и.о доцент
timur.eshimbekov@mail.ru
Кеңири...

Надырбеков Бактияр Темираалиевич

Ага окутуучу
nadyrbekov.89@mail.ru
Кеңири...

Анарбек уулу Советбек

Ага окутуучу
sovet_1989kg@mail.ru
Кеңири...

МИССИРОВА КЫЗЖИБЕК БАКТЫБЕКОВНА

е-mail: kmissirova84@mail.ru
Кеңири...

Асымбеков Улугбек Кайтназарович

Ага окутуучу
sovet_1989kg@mail.ru
Кеңири...

БАЯЛИЕВА ЧОЛПОН АБАСБЕКОВНА

e-mail: chopka.abasbekovna@mail.ru
Кеңири...

Родинова Гулзада Кубанычбековна

Ассистент
Моб. Тел. 0708671357
Кеңири...

Токтоналиев Ызат Бактыбекович 

e-mail: jaz.mir@bk.ru
Кеңири...