Ветеринария адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү

Миссиясы: Өлкөнүн азык-түлүк жана биологиялык  коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча профессионалдык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо.

Стратегиясы: К.И. Скрябин атындагы КУАУнун ветеринария боюнча орто кесиптик инновациялык билим берүү бөлүмү-  заманбап материалдык-техникалык жана кадрдык потенциалга ээ, ЖОЖдордун адистик факультеттери жана өндүрүштөр менен өнөктөштүктө окутуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен мамлекеттик жана эл аралык стандарттардын деңгээлинде билим берүү процессин жүргүзүү.

Биз жөнүндө

Ветеринария адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү

К.И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы «Ветеринария» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү уюштурулду.

Кыргызстанда агрардык өнөр-жай комплексинин мал чарба тармагында ветеринардык медицина боюнча орто квалификациядагы адистерге болгон суроо-талап курч болгондугуна байланыштуу, орто кесиптик билим берүү бөлүмүн түзүү зарылчылыгы келип чыкты.

«Ветеринария» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн негизги милдети орто кесиптеги ветеринардык билими бар атайын адистерди даярдоо болуп саналат.

Ветеринария адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө кабыл алуу биринчи  жолу 2022-жылы болгон жана 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн базасында 67 окуучу, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн базасында 81 окуучу кабыл алынган. Ал эми 2023-окуу жылына 110 окуучу кабыл алынды. Бүгүнкү күндө бардыгы болуп 230 студент билим алууда.  Ветеринардык медицина боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө «Ветеринардык фельдшер» квалификациясы ыйгарылат жана жалпы мамлекеттик үлгүдөгү  диплом берилет.

Ветеринардык адистик боюнча сабактарды окутуу атайын заманбап базалар менен камсыз болгон окуу бөлмөлөрүндө өткөрүлөт.Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери жаныбарлардын ар кандай ооруларын профилактикалык алдын алуу, дарылоо жана диагноздоо боюнча окуу-тажрыйбалык иш-чараларын ветеринардык медицина факультетинин профилдик кафедраларынын адистештирилген лабораторияларында жана окуу аудиторияларында окушат. Алар заманбап приборлор жана жабдуулар менен (УЗИ, Рентген, биохимиялык, гематологиялык анализаторлор, акушердик жана хирургиялык, ИФА, ПЧР жабдыктары ж.б.) жабдылган.

          Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнун эмгек жамааты 39 окутуучудан турат жана алар негизинен ветеринардык медицина факультетинин профессорлору, окутуучулары болуп саналышат. Бардык окутуучулар жогорку билимдүү, алардын ичинен 1 илимдин доктору, профессор,  12 илимдин кандидаты, доценттер, 5 билим берүү жана 1 айыл чарба министирликтеринин мыктылары болуп саналышат.

“Ветеринария” боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү түзүмү

Ветеринария боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент

АСАНОВА ЭЛИЗА ИШЕМБЕКОВНА

Корпус Ветеринардык медицина факультети, 107-каб.
e-mail:asanovaeliza81@mail.ru
тел.: 996708635394.

КЫЗАЙБЕКОВА СУЙУНБУБУ АБДЫКАДЫРОВНА

Ветеринария боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окуу иштери боюнча орун басары Корпус Ветеринардык медицина факультети, 109-каб.
e-mail: sskyzaibekova@gmail.com
моб. тел.: 996550424779.

АЙТБЕК УУЛУ ИЛЬГИЗ

Окутуучу, куратор.
e-mail: sskyzaibekova@gmail.com
моб. Тел.: 996550424779.

КАРАБАЕВА РАСИДА КОСОРОВНА

Окутуучу, куратор.
e-mail: karabaevark@gmail.com
моб. Тел.: 996505110577.

НАДЫРБЕКОВ БАКТИЯР

Окутуучу, куратор.

Мырзабек уулу Самат

Ветеринария боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн тарбия иштери боюнча орун басары Корпус Ветеринардык медицина факультети, 309-каб.
e-mail:smyrzabekuulu@bk.ru
тел.: 996550424779.

КУЛУКЕЕВ КЫЛЫМБЕК

Окутуучу, куратор.

Мусаланов Илгиз

Окутуучу
e-mail: ilgiz199737@gmail.com
моб.тел 996702428311

Суйунбекова Сымбат Суйунбековна

Инспектор - студенттер менен иштөө, иш кагаздарын жүргүзүү Корпус Ветеринардык медицина факультети, 109-каб.
e-mail: symbat.suiunbek1999@gmail.com
тел.:996709116507.