Факультет экономики и менеджмента

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ИНФЕКЦИЯЛЫК ЖАНА ИНВАЗИЯЛЫК ЫЛАҢДАРЫ КАФЕДРАСЫ

1

Профессор

7

Доцент

3

Ассистент

1

Лаборант

Кафедранын миссиясы жана тарыхы

   Кафедранын миссиясы – 610001“Ветеринария” адистиги боюнча жогорку квалификациялуу кесипкөйлөрдү даярдоо.

Учурда кафедрада 300 ашык студенттер билим алышат, аларга окуу процессин жогорку квалификацияга ээ болушкан 11 адис ишке ашырат. Окуу процессесиндеги лекцияларды жана лаборатордук-практикалык сабактарды өткөрүү үчүн, кафедрада талапка ылайык келген заманбап техникалар менен жабдыктар аркылуу камсыздалган материалдык-техникалык базасы бар. 

Жаныбарлардын жугуштуу жана инвазиялык ылаңдары кафедрасы 1936жылы уюшулган жана ал мезгилде “Эпизоотология кафедрасы” деп аталчу. Алгач 1936 1938жылдары кафедраны ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Гайнуллин Т. Г. жетектеген. 1940 1960жылдары кафедрада СССРдин борбордук Жогорку окуу жайларынан келишкен атактуу окумуштуулары эмгектенишкен.

1938 1981жылдары кафедра башында Кыргыз ССРнин илимине эмгеги сиңген ишмер, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Анастасьян С. Н. турду. Ал республикада биринчилерден болуп жылкылардын инфекциялык энцефаломиелитин жана эпизоотиялык лимфангоитин диагностикалаган. Анын жетекчилиги алдында          Половников В.Т., Сукеев Ш.С., Аничков А. Н. жана Бучнев М. И. кандидаттык диссертацияларын жакташкан.

1970жылдагы жогорку окуу жайынын программасынын реорганизациясынын негизинде, эпизоотология кафедрасына алгач микробиология жана вирусология, андан соң паразитология сабактары бириктирилди.

1982 1993жылдары кафедраны белгилүү энтомолог, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Камарли А. П. жетектеди. Анын жетекчилиги астында Исраилов А. А. кандидаттык диссертациясын жактады.

1993 2013жылдары кафедраны Кыргыз республикасынын айыл чарбасына эмгеги сиңген ишмер, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Раимбеков Д. Р. башкарды. Анын жетекчилиги астында кандидаттык диссертацияларын Келдибекова З. С. (2001), Карыпов К. А. (2002) жана Джумалиева М. А. (2015) жакташты. Ал эми, кафедранын аспиранты Чолжиев А. К. 2006жылы Германиянын Гиссин университетинде ветеринардык медицинанын доктору болду.

Кийинки жылдарда кафедранын башында доцент Карыпов К. А.     (20132017) жана доцент Джетигенов Э. А. (20172021) турушту.               2021жылдан азыркы учурга чейин кафедраны в. и. к., доцент Карыпов К. А. жетектейт.

Кыргыз Республикасынын УИА Академиги, КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР илимине эмгек сиңирген ишмер,           ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р. З. кафедрада 1989 2002жылдар аралыгында эмгектенди. Ушул жылдары, анын жетекчилиги астында кандидаттык диссертацияларын Биримкулова А. Т. (1996), Зиядинов И. (2003) жана Усубалиев А. К. (2003) жакташты.

             

Даярдоо багыты жана адистиктери

    1. Диагоностикалык лабораториялардагы биологиялык коопсуздук жана уюштуруу иштери.

    Максаты: лабораторияларда жана эпидемиологиялык очоктордо биологиялык коопсуздукту сактоо менен иштей алышкан кесипкөйлөрдү даярдоо.

    1. Инфекциялык ылаңдарды лаборатордук диагностикалоо.

    Максаты: инфекциялык ылаңдарды диагностикалоочу кесипкөйлөрдү даярдоо.

    1. Инвазиялык ылаңдарды лаборатордук диагностикалоо.

    Максаты: инвазиялык ылаңдарды диагностикалоочу кесипкөйлөрдү даярдоо.

    1. Балыктардын, аарылардын жана майда жандыктардын жугуштуу ылаңдары.

    Цель: балыктардын, аарылардын, мышыктардын, иттердин ж. б. инфекциялык ылаңдары боюнча кесипкөйлөрдү даярдоо.

  1. Кафедрада заманбап молекулярдык-биологиялык лаборатория жана эл аралык стандарттарга ылайыктуу тиешелүү лаборатордук диагностикалык изилдөөлөрдү камсыз кылуучу квалификациялуу адистер бар.
  2. Акыркы жылдары, лабораторияда чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жана мамлекеттик заказдын колдоосу менен жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарына мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөөлөр ишке ашырылууда.
  3. Ага-Хан фондунун көмөгү менен, Кыргызстанда биринчи жолу лабораториянын кызматкерлери молекулярдык-биологиялык изилдөөлөрдү колдонуп, өлкөнүн түштүгүндө эчкинин контагиоздуу плевропневмониясын аныктады.
  1. Доцент Карыпов К. А.:

    • ветеринардык микробиология жана микология боюнча (Москва шаарындагы ветеринардык акдамия, ноябрь 2016-жыл);
    • эпидемиологиядан (Франциянын   Тулуза   шаарындагы   ветеринардык   жогорку мектеп, 2017-жыл).

     

    Доцент Джетигенов Э. А.:

    • февраль 2017-жыл Россиянын Липецк шаары. “Потенциал современной науки” аттуу темадагы ХХХ-чу Эл аралык илимий конференцияда катышкан;
    • март 2017-жыл Россия Федерациясы Москва шаары (МСХА). Эл аралык илимий-практикалык конференциядагы студенттердин  жасашкан докладдарын жетектеген;
    • апрель 2017-жыл Казак Улуттук агрардык университети.

     

    Улук окутуучу Арзиев К. А.:

    • ПЦР анализи  боюнча  (Россия  Федерациясынын  Москва  шаарындагы ЦНМВЛ, 2017-жыл).;

     

    Доцент Майгулакова Л. Т.

    • Балык уулоо жана аквакультура боюнча (Финляндия, 2021).

     

    Улук окутуучу Арзиев К. А.:

    • ПЦР анализи  боюнча  (Россия  Федерациясынын  Москва  шаарындагы ЦНМВЛ, 2017-жыл).;
    • Чыгыш Финляндия университетиндеги академиялык мобилдүүлүк боюнча (2019-жыл).
  1. Доц. Майгулакова Л.Т. жетекчилиги астында 2016-жылы 5 курстун студенти Мелис у. Б. “Санитарно-микробиологические показатели национального мясного продукта” атту темада дипломдук ишти аткарды. 2015-жылы 2 курстун студенти Токтаналиев Н.Т. (жетекчиси –                    доц. Джетигенов Э. А.) Россиянын борбор шаары Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияда катышты. 2017-жылы доцент Джетигенов Э. А. тарабынан 3 курстун студенттери Айтбаев А., Тургунбекова А., Анварбек у. А. Россиянын Москва шаарында өткөн 70-чи илимий-практикалык конференциясына даярдалды. Жыйынтыгында,  Тургунбекова А. 3 даражадагы дипломго ээ болду.

КАФЕДРАНЫН КУРАМЫ

Кельдибекова Замира Садыбакасовна

Ветеринария илимдеринин кандидаты, доценттин м. а.
E-mail:zkeldibekova@gmail.com

Кеңири...

Раимбеков Доктурбек Раимбекович

Ветеринария илимдеринин доктору, профессор

Кеңири...

Майгулакова Лидия Тоялыевна

Ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент E-mail:lidi48@mail.ru
Кеңири...

Кылычбеков Дулат Сеитбекович

Ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент
Кеңири...

Джетигенов Элмурат Алсеитович

Ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент КУАУ-не караштуу “Микробиология жана молекулярдык биология” лабораториясынын башчысы
E-mail:agetigen@mail.ru
Кеңири...

Карыпов Кубанычбек Асанкулович

“Жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ылаңдары” кафедрасынын башчысы, ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент
E-mail: karypov1972@mail.ru
Кеңири...

Орозов Жайлообек Чоконович

Биология илимдеринин кандидаты, доценттин м. а.
Кеңири...

Чегиров Саламат Биримкулович

Биология илимдеринин кандидаты, доценттин м. а.
E-mail:ch_salamat15@mail.ru
Кеңири...

Атабекова Нурзина Сагынбаевна

Ассистент
E-mail:atbn.7@mail.ru
Кеңири...

Бердикулов Атабек Мусабекович

Ассистент
E-mail: berdikulov1996@list.ru
Кеңири...

Камчибеков Бексултан Камчибекович

Ассистент
E-mail:kamchibekovb@mail.ru
Кеңири...

Раимбердиева Майрам Жумабаевна

Кафедранын лаборанты
Кеңири...