Факультет экономики и менеджмента

Биотехнология жана химия кафедрасы

КАФЕДРАНЫН МИССИЯСЫ, МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кафедранын миссиясы – биотехнология чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кафедранын максаты – студенттердин жана өндүрүштүн муктаждыктарына жооп берген, натыйжалуу окутуу системасы.

Кафедранын милдеттери:

  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жана инновациялык методдорго ылайык окуу процессин уюштуруу жана камсыздоо;
  • эмгек рыногунда атаандашууга жөндөмдүү, кесипкөй билимге жана жөндөмгө ээ болгон, компетенттүү адистерди даярдоо;
  • биотехнологиялык ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
  • илим-изилдөө базасын өнүктүрүү жаа илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Биотехнология кафедрасы 2002-жылы профессор Б.К. Акназаровдун демилгеси боюнча жана жеке жетекчилиги астында уюштурулган. Кафедра бүтүрүүчү болуп саналат. 720200-«Биотехнология» адистиги боюнча студенттерди кабыл алуу биотехнолог-инженерлерди даярдоо программасына ылайык 2002-жылдын 1-сентябрынан тартып жүзөгө ашырылып келет. Кафедранын калыптануусуна ветеринардык илимдердин доктору, профессор Арзыбаев М.А. зор салымын кошту, ал кафедраны 2003-жылдан бери жетектеп келет. «Биотехнология» кафедрасында ветеринардык илимдердин доктору, профессор Акназаров Б.К., профессор Абдрасулов Ы.А., доцент Смаилова Т.С., доцент Бондаренко Е.П., улук окутуучу Марасулов А., ассистент Касымова К.Т. иштеген. Кафедра 2001-жылдын сентябрында биология кафедрасы менен бириктирилип, «Биотехнология жана биология кафедрасы» деп аты өзгөртүлгөн. 3 жылдан кийин 2014-жылы кафедра 1935-жылы уюштурулган химия кафедрасы менен бириктирилген, азыркы убакта «Биотехнология жана химия кафедарсы» деп аталат. 2012-жылдан тартып кафедрада 720100-Биотехнология багыты боюнча бакалавриат жана магистрат киргизилген.

Багыттарды жана адистиктерди даярдоо

720100-Биотехнология багыты боюнча бакалавриат

Окуу мөөнөтү: СО базасында – 4 жыл

720100–Биотехнология багыты боюнча магистр

Окуу мөөнөтү – 2 жыл

 

    Кафедрада 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорлорунун алкагында илим-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. Кафедранын кызматкерлери жана изденүүчүлөрү тарабынан ветеринардык практикага ичеги гельминтоздорунда жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн, принципиалдуу жаңы «Альмегум» жана «Альпемедь», «Асмегум» жана «Химедол» антигельминттик препараттар сунушталган. Мындан тышкары илим-изилдөө иши өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы боюнча жүргүзүлөт: картошканын вирус жок уруктары иштелип чыккан, ошондой эле Кыргызстандын тоолуу шарттарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулаткан, кыртыш микроорганизмдерин биотехнолгиялык активдештирүү жүргүзүлгөн.

    Профессор Арзыбаев М.А. тарабынан «Жергиликтүү чийки заттан мителерге каршы каражаттарды иштеп чыгуу жана алардын фармако-токсикологиялык касиеттерин изилдөө» багыты боюнча илимий иштер жүргүзүлгөн. 2005-жылы Москвада доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Мындан тышкары кафедрада дагы эки кандидаттык диссертация жакталган: Тоимбетов М.Т. «Альмегумдун антигельминттик жана и фармако-токсикологиялык касиеттери» (Москва, 2006-ж.); Ажыбеков Н.А. «Альпемеддин фармако-токсикологиялык мүнөздөмөлөрү» (Москва, 2009-ж.). 

    Азыркы убакта профессор М.А. Арзыбаевдин жетекчилиги астында 3 аспирант илим-изилдөө иштеринин үстүнөн иштеп жатышат.

Кафедранын курамы

Арзыбаев М.А

Кафедра башчысы
в.и.д, профессор

amomun@mail.ru

Кеңири...

Чортонбаев Тыргоот Джумадиевич

профессор доктор с/х наук.
tyrgoot@mail.ru
Кеңири...

Смаилова Т.С

к. б. н., доцент
smailova.51@mail.ru
Кеңири...

Исаев М.А

б.и.к., доцент
mirbek-i@rambler.ru
Кеңири...

Асанова Э.И

б.и.к., доценттин м.а.
asanovaeliza81@mail.ru
Кеңири...

Бекжанова Э.А

доценттин м.а.
Кеңири...

Джумабекова Э.Ш

улук окутуучу
Кеңири...

Жусупова Ж. Б

улук окутуучу
zhyldyz.zhusupova@mail.ru
Кеңири...

Сыдыгалиева Алмаш Намасбековна

старший преподаватель
almash.sydygalieva68@gmail.com
Кеңири...

Джуманалиева Ч.С

улук окутуучу
chopa.07@mail.ru
Кеңири...

Султангазиева Аида Баатыркановна

ага окутуучусу
a.sultangazievaa@mail.ru
Кеңири...

Абакирова С.А

Окутуучу
sabakirova@list.ru
Кеңири...

Баркыжокова Н.С.

Ассистент
Кеңири...