Факультет экономики и менеджмента

МАЛДЫН ИЧКИ ЫЛАҢДАРЫ КАФЕДРАСЫ

1

Профессор

2

Доцент

4

Ага окутуучулар

2

Ассистенттер

1

Лаборант

Кафедранын миссиясы жана тарыхы

Кафедранын  миссиясы – “Ветеринария “-610001 адистиги  боюнча  жогорку  квалификациялуу кадрларды  даярдоо .

1933-жылы зооветеринардык институту түптөлгөндөн кийин, эң алгачкылардан болуп 1935-жылы малдын жугушсуз патологиясы жана терапиясы кафедрасы түзүлгөн. Биринчи кафедра башчысы болуп, доцент Иван Константинович Еркович 1937-жылга чейин иштеген. 1937-жылдан 1945-жылга чейин кафедра башчысы болуп доцент Василий Федорович Павлов эмгектенген. Ал белгилүү терапевт, профессор А.Р.Евграфовдун окуучусу болгон. 1945-жылдан 1947-жылга чейин кафедра башчысынын милдетин, аскердик ветеринардык врач, подполковник А.Я.Яхницкий аткарган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин кафедраны 1947-жылдан 1955-жылга чейин КРнын илимдер академиясынын академиги, ветеринардык илимдердин доктору, профессор, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Анна Александровна Волкова жетектеген.

Ал эми 1975-жылы фармакология, патофизиолигия жана биохимия кафедрасы жоюлуп, фармакология сабагы акушердик кафедрасына, патофизиология-терапия, биохимия курсу-анатомия кафедрасына кошулган. 1985-жылы кайрадан фармакология, патофизиология жана биохимия кафедрасы түзүлүп, кафедра башчылыгына доцент, кийинчерээк ветеринардык илимдердин доктору, профессор Анвар Осмонович Осмонов дайындалган.

Ушул курамы менен кафедра 1988-жылга чеин иштеп ошол эле жылы, терапия жана клиндиагностика кафедрасы менен бириктирилген. Кайрадан кафедранын жетекчиси болуп, профессор А.О. Осмонов дайындалган, ал 1993-жылга чейин иштеген.

1993-жылы кафедра малдын ички ылаңдары деген аталышка жаңыланып, кафедра башчылыгына, ветеринардык илимдердин доктору, профессор РВИАнын жана ЭВИАнын академиги Мукамбет Дайырович Ногойбаев сынак аркылуу шайланган. Ал белгилүү патоморфолог, профессор И.С. Егошиндин жана терапевт-клиницист, ветеринардык илимдердин доктору, Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Борис Михайлович Анохиндин окуучусу. Ал эми 2021 жылдан тарта кафедраны в.и.д, доцент Камиль Капасович Токоев жетектеп келет.

Багыттарды жана адистиктерди даярдоо

Кафедрада  студенттерди  “ветеринарная  фармация “ профили  боюнча   төмөнкү  дисциплиналарга  окутушат:

  • Дарыкана ишин  уюштуруу;
  • Ветеринардык дары-дармек каражаттарын стандартизациялоо жана  сертификациялоо;
  • Клиникалык фармакология;
  • Элдик ветеринардык медицина ;
  • Малдын ички ылаңдарын  лабораториялык  диагностикалоо .

Профессор М.Д. Ногойбаевдин жетекчилиги менен акыркы жылдары, кафедранын жамааты төмөндөгүдөй илимий проблемалардын үстүнөн иштешүүдө:

  • Малдын зат алмашуусунун патологиясында жаңы диагностикалык жана дарылоо-профилактикалык, ыкмаларды иштеп чыгуу (1980-1995жж.);
  • Жаш төлдүн ички ылаңдарында иммундук статусун изилдөө (1996-2004 жж.);
  • Кыргызстандын шартында музоолордун зат алмашуу ылаңдарын коррекциялоо (2005-2008 жж.);
  • Кыргызстанда биогеоценотикалык патологиянын алдын алуу иш чараларын илимий негизде иштеп чыгуу (2009-2018 жж.).

Бул илимий проблемалардын чегинде 14төн ашуун түрдүү кичине илимий темалар аткарылган, 300дөн көп илимий макалалар, 6 илимий монография жазылып, жарыкка чыккан, булардын ичинде 4 илимий макала чет мамлекеттерде (АКШ, Индия, Турция) басылган.

Кафедранын илимпоздору тарабынан натыйжалуу жаңы адаптогендик дары препараттары «Кетгиб», «Кетгиб – 1», «Кетгиб – 2» жана «РЭДК» сыяктуу түрдүү диагностикумдар, малдын ички ылаңдарында көптөгөн эффектифтүү дарылоо схемалары жана ыкмалары, өлкөнун ресурстарын пайдаланып иштеп чыгарылып, өндүрүшкө киргизилген. Ошондой эле заманбап илим жана практиканын талабына жоп берген «Адам жана малдын  ден соолугун сактоо» илим-окуу борбору республикада уюштуруу боюнча жаңы проектиси иштелип чыгарылып, өлкөнүү 2040 жылга чеинки өнүктүрүү улуттук стратегиясына сунушталган.

Бул учун кыргыз республикасынын бир канча патентери жана автордук күбөлүктөрү алынган. Профессор М.Д. Ногойбаевдин жетекчили менен К.К. Токоев, М.С. Медербековалар кандидаттык диссердацияларын коргошкон, изденүүчүлөр А.А. Бематов, У.Ж Сарыгулов, Е.А. Ничипуринко өздөрүнүн диссертациялык иштерин коргоого даярдашкан, ал эми аспиранттар М.Т. Конушбаева, А.Э. Өмурбаева, Г.Т. Иманакунова жана Ж.С. Сагындыковтор кандидаттык диссертацияаларынын үстүнөн иштешүүдө.

Кафедра окумуштулары 1935 – жылдан 2018-жылдар аралыгында 3600 дөн көп илимий эмгектерди жазып жарыка чыгарышкан, алардын ичинде 15 илимий монографиялар, 7 жогорку окуу жайынын студенттери үчүн окуу китеби, 20 ойлоп табуунун автордук күбөлүкөрү жана патентери алынган. Кафедра изилдөөчүлөрү эл аралык, Республикалык жана ЖОЖдор аралык илимий форумдарга, конференцияларга, сьездерге жана симпозиумдарга жигердүү катышып, илимий докладдар жасалууда, ошондой эле англис тилинде чыгууда.

Кафедра керектүү ар  бир тармактар  менен келишимдин  негизинде  илимий  изилдөөлөр  жана  практикалык  сабактар  боюнча  тыгыз  байланышта  иш  алып  барат. Мындай  чарбачылыктарга СКХ “Чабрец”, СК “Ветка”, СК “Bulls Kg”, ЖЧК “МИСС  СУТ”, Уч. Хоз. КУАУ, дагы  көптөгөн  Бишкек  шаардык   ветеринардык  аптекалар  жана  ветеринардык  клиникалар   кирет. 

Тоют жана тоют кошумчалары, ветеринардык  дары–дармектерди  каттоо жана сертификациялоо борбору  менен  тыгыз  келишимдин негизинде  иштешет.

Кафедранын  кызматкерлери  “Создание  частных  ветеринарных  сервисов  в  Кыргызстане “деген  проек ,”Агахан” фонду  менен, ПРЖР 1,2 проектинин  аткаруучулары  болуп саналат.Бул  проекттер эл  аралык банк  аркылуу каржыланат.

Кафедра  жакынкы  жана  алыскы  чет мамлекеттердин  ЖОЖдору  менен  тыгыз  байланышта  кызматташтык  алып  барат. Алар: КУАА (Казахстан),  К.И. Скрябин атындагы МВА (Россия), университет “MARYLAND” (АКШ), КГАВМ им.Э.Баумана (Россия), КАТУ  им.С.Сайфулина (Казахстан)  ж.б.

Кафедранын курамы

Токоев Камиль Капасович.

“Малдын ички ылаңдары“ кафедрасынын  жетекчиси, ветеринария  илимдеринин  кандидаты, доцент.

Служ./дом. тел. : сот.:(0772) 430565, (0700) 43-05-65.

e-mail: Kamill1965@mail.ru

Кеңири...

Ногойбаев Мукамбет Дайырович

Эл аралык жана россия ветеринария академияларынын академиги ветеринария илимдеринин доктору, профессор
E-mail: mnogoibaev@mail.ru
Кеңири...

Алтымышева Турсун Назаровна

Кыргыз Республикасынын билим беру жана илим министрлигинин отличниги, ага окутуучу
E-mail: mnogoibaev@mail.ru
Кеңири...

Конушбаева Мунара Токтобековна

Ага окутуучу
E-mail: munara1207@mail.ru
Кеңири...

Сагындыков Жакшылык Сагындыкович

Ага окутуучу, вет. рентгенолог
E-mail: z-sagyndykov@mail.ru
Кеңири...

Дубанбек кызы Салтанат

Ассистент
E-mail: dsaltanat30@gmail.com
Кеңири...

Кулукеев Кылымбек Акылбеович

Ассистент
0701 28-78-77
Кеңири...

Сулайманкулова Анаркул Жумакадыровна

Лаборант
Кеңири...