Факультет экономики и менеджмента

Кафедранын мугалимдери университеттин турмушуна чоң салымдарын кошуп келет. Эл аралык проектерге катышышат. Республиканын жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларынын окумуштуулары менен биргеликте илим изилдөө жана илимий эксперименталдык жумуштарды жүргүзүп турушат. Акыркы жылдары Түштүк Кореянын Конкук университетти жана К.И.Скрябин атындагы КНАУ университеттеринин ортосундагы келишимдердин аркасында доцент Мырзаканов Н.М. илимий эксперименталдык жумушунун алып барууда. Кыргыз Республикасынын Ош жана Чүй областарынын климаттык шартында Кореянын Ханхяп-3 таза кандуу эт-жумуртка багытындагы тоокторунун адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, жана республиканын тоок чарбасына жаңы (генафон) порода кошуу максатында жүргүзүлгөн. Кафедранын профессору Акназаров Б.К. дин жогорку деңгелдеги жетекчилиги аркасында чет өлкөлүк проекттер менен келишимдер түзүлгөн жана биргеликте иш алып барышкан, алар: Ага-Хан фонду, Дүйүнөлүк банктын алдындагы Айыл чарба проектерин каржылоо жана кызмат көргөзүү (ПСИУ), Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду (МФСР), Ветеринардык дарыгерлерди жана стеденттерди кайра окутуу (ФПК) багытына 1,5 млн доллар өлчөмүндө акча каражыта тартылган. СНГ мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын арасынан Москванын МГАВМБ, ТСХА, Костроманын СХА, Казахстандын КазНАУ, Костанайдын ГУ жана башка окуу жайлары менен биргеликте илимий- практикалык жумуштарды алып барат.