Бөлүм талаа изилдөө отчеттору

Жаныбарлардын жугуштуу жана инвазиялык ыландары кафедрасынын доценти Темирова Жүзүм жетектеген студенттер тобу Түндүк аймактагы диагностика жана экспертиза борборунда сабак өтүштү. Сабактын негизги темалары: серологиялык, вирусологиялык жана бактериологиялык бөлүмдөрдүн шартында адистердин иштери менен студенттерди тааныштыруу.

Майда жана ири мүйүздүү малдарга массалык серологиялык жана копрологиялык лабораториялык изилдөөлөрду жүргүзүү.

Жаныбарлардын жугуштуу жана инвазиялык ыландары кафедрасынын доценти Келдибекова З.С менен студенттер андан ары изилдөө үчүн кан жана заң алды. Сабактын негизги максаты, паразитология жана эпизоотология сабактары боюнча  студенттерге материалды туура тандап алуунун ыкмаларын үйрөтүү болгон.

Доцент Келдибекова З.С. кутурма, эмкар жана шарп ылаңдары боюнча эпизоотология сабагын чарбада өткөрдү. Сабак учурунда студенттер өтө жугуштуу материал менен иштөөнүн эрежелерин, патологиялык материалдарды туура чогултуу жана утилизациялоо, ошондой эле аларга каршы күрөшүү чараларын үйрөнүштү.